Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +3…+8 күндүз: +15… +20,
Таласта түнкүсүн: +1…+5, күндүз: +13…+18,
Баткенде түнкүсүн: +6… +11, күндүз: +18…+23,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +18…+23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +11… +16,
Нарында түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +11…+16,
Бишкекте түнкүсүн +4…+6, күндүз: +18…+20.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ