Түркияда бозгунда жүргөн Мелис Мырзакматов «Бабанов Кыргызстанга барса, мен дагы аттанам» деп оолугуп атканын уктук. Азырынча БӨТ алыстан эле пиарщиктерин дүрбөтүп, күйөрмандарын пулдун таасири менен ойготууда. Келсе кандай тагдыр күтүп атканын убакыт көрсөтөт. Бабановдун жаны өзгөчө таттуу эмеспи, ал түрмөгө жаткандан көрө Москванын көчөсүндө эркин басып, «чыйт» түкүрүп жүргөнү жакшы го?.. Мырзакматов болсо соңку убактарда салмак таштап (бирок бети арыктабаптыр), фотомоделдерди туурап, жасана кийинип, сүрөткө түшмөйдү адатка айландырып алган. Мындай назик жигиттин жүрөгү Бишкекти элестеткенде болкулдап кетип атса керек. Эгерде Мелис Мырзакматов суу жүрөк болбосо, өзүнө козголгон кылмыш иштеринен качпай, түрмөгө отурса да ак экенин далилдебейт беле? Деги эле качып жүргөн саясатчылардан көптү үмүт кылуу куру бекер убара эмеспи?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ