Menu

АШАнын “кашаларынын” бардыгы ашкерелениши керек

Бөлүшүү:

Жараткан дайыма бечара элибизди колдоп, коргоп, ага кыянаттык кылгандарды ашкерелеп келет. Эгерде 2017-жылы январда түрктөрдүн жүк ташуучу “Боинг-747” учагы Дача-СУга кулабаса, мурдагы президенттин жетекчилигинде 5 жыл бою ишке ашырылып келген эл аралык аткезчилик мафия жөнүндө эч ким билбей деле калмак. Ага чейинки 50гө жакынкы контрабандалык авиарейстин жүктөрү мурдагы бийликтегилердин чөнтөктөрүнө сиңип кеткендей эле, өткөн жылдын январындагы рейстеги жалпы баасы 250 млн. долларлык кымбат баалуу жүктөрдү да ыйманы жок мафиоздор аш кылып кетишмек. Бирок “ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт” дегендей, кайгылуу кырсык экс-президенттин үй-бүлөсүнүн кылмыштарын бүткүл дүйнөгө ашкерелеп таштады.

        Эгерде ушул жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦинде авария болбогондо, андагы ири көлөмдөгү уурдоолор да билинбей калмак. Эки чоң кылмыш Кудайдын жардамы менен ашкереленди, андай алдым-жуттумдуктарга улуу жараткан да чыдабай тургандыгын көрсөттү. АШАнын тушундагы дагы канчалаган кылмыштардын беттери ачылбай, былгып жатат?

Ал эми шектендирерлик жагдайлар көп, баарын санап отурбай ирилерин эле айтсак, Кытайдан алынган 400 миллион долларлык кредитке курулган Датка-Кемин чубалгысынын башкы эсепчиси – Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын 30 миң долларын сугунуп жиберген деп айыпталып жаткан А. Шадиевдин эски досу, өздүк фирмаларынын эсепчиси болгон экен. Айтматов жылында улуу жазуучунун атын булгагандан уялбагандар темир мамыларды, чубалгыларды, күйүүчү-майлоочу майларды, арматураларды, цементтерди, накталай акчаларды ж.б. беш бармактай аймашкан болушу керек. Датка-Кеминдин курулушу жүрүп жаткан убакта Баткен базары кескин жакшырып, көптөгөн жайлар курулгандыгы да бекеринен болбогондур. Ал эми ал базардын артында тургандардын бири АШАнын айдоочусу Икрамжан Илмиянов экендиги эч кимге жашыруун эмес.

        Альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун АШАнын дагы бир жакын адамы же так айтканда негизги капчыгы Э. Исраиловго таандык фирмалар курууда. Ал жерде эмнелер болуп жаткандыгын бир Кудайдын өзү билет. АШАнын жакындары кандай иштерди жасашпасын, аркаларынан “кашалары” гана чыгып келатат. Түндүк-Түштүк жолунун курулушунда бурмалоолор, кошуп жазуулар жок деп эч ким кесе айта албайт. Билгендердин айтымында, жолго төшөлгөн кум-шагылдарды 2-3, асфальттарды 1 сантиметрден эле кошуп жазып койсо, миллиондогон “жашылбайлар” тийиштүү чөнтөктөргө түшүп калат экен. АШАнын жакындарынын андай мүмкүнчүлүктөрдү эч качан кетирбей тургандыгын бүткүл дүйнө билип калды. Ошондуктан “күн күркүрөмөйүнчө, мужук чокунбайт” дегендей болуп, жараткандын жардамы менен дагы бир кылымдын аферасы ачылмайынча жалдырап отура бербестен, Башкы прокуратура, УКМК, Эсеп палатасы сыяктуу органдар Датка-Кемин чубалгысынын, альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун курулуштарынын, экс-президенттин тушунда ишке ашырылган башка долбоорлорго кеткен чыгымдардын бардыгын дыкат текшерип чыгып, жыйынтыктарын коомчулукка билдириши зарыл. Азыр эл үчүн АША деген сөз “ыплас каша” деген менен бирдей болуп калды. Адалсынып жаткандардын иштеринен дагы көп “камандардын баштары” чыгарын бөркүбүздөй көрөлү.

Булак: Учур

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: