Menu

Кара-Көл милициясы айдоочуну бычактап өлтүрүп, качып кеткен келинди изин суутпай кармады

Бөлүшүү:

Кара-Көл милициясы киши өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Көл ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпей бензин ташыган автоунаанын ичинде бир адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Аталган маалыматтын негизинде Кара-Көл ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, күйүүчү май ташыган автоунаанын ичинде анын айдоочусу, Чүй облусунун 35 жаштагы Н.Б. аттуу тургунунун жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерден жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, белгисиз кылмышкерлер тарабынан бычак сымал курч зат менен сайылгандыгы аныкталып, далил буюмдар чогултулган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштын изин суутпай шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1983-ж.т. М.А. (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: