Ордо калаабызда тогуз коргоол оюнунун Борбор Азия кубогу боюнча мелдеш өтүп атат. Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан болуп жалпы жону 200 оюнчу күч сынашууда. Турнир рапид жана стандарт түрүнөн башталып, бүгүнкү күндө рапидден жыйынтык чыкты. Алар швейцар таризинде 9 оюн ойноп, Орто Азия чемпиондугун биздин мекендешибиз, улуттук спорттун түрү боюнча мектептин тарбиялануучусу Бексултан Нишанбаев 8 упай топтоо менен жеңип алды. 2-орунду 7,5 упай менен Анарбек Жамакеев, 3-орунду 7 упай менен Канатбек Кендирбаевдер багынтышты. Ал эми кыз-келиндер арасында Ысык-Көл жергесинен келген Чолпон Кендирбаева 8 упай менен чемпион аталды. Орто Азия кубогу уланууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ