Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Садык Шер-Нияз өз каалоосу менен депутаттык мандатты тапшыруу чечимин кабыл алды, бирок бош мандатты Ө.Текебаевге өткөрүп берүү шарты менен. Бул тууралуу БШК кабарлайт.
Кечээ, 12-октябрда БШК “Ата Мекен” саясий партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү боюнча арызын карады. Бирок БШК бош орун жоктугунан мандатты кайтаруудан баш тарткан.
Бүгүн БШК Садык Шер-Нияз менен Өмүрбек Текебаевдин арызын карай турганы күтүлүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы саясатчы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын мандаты тартылып алынган. Андан кийин анын мандаты Искандер Гайпкуловго өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ