Menu

Мирзиёевдин Германияга жасаган сапарынын алкагында 9 документке кол коюлду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө негизги көңүл соода-экономикалык, инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду. Анда эки өлкө лидерлери учурда 700 миллион еврону түзгөн соода алмашуу көлөмүн 1 миллиард еврого жеткирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда германиялык инвесторлордун катышуусундагы 132 ишкана иштеп жатса, алардын 33ү толугу немис ишкерлерине таандык. Өзбекстандын Улуттук банкы 57 немис банкы менен корреспонденттик байланыштарды орноткон. Мындан тышкары Ташкентте «Дойче-банктын» бөлүмү иштейт.

Өзбек президентинин 22-январга чейин созула турган бул сапарынын алкагында экономика, соода, каржы, билим берүү, илим жана инновация тармактары боюнча өкмөттөр аралык тогуз документтерге кол коюлду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: