Menu

Миграция кызматы менен “Кырк чоро” кыймылы кытайлар иштеген заводдорду кыдырышты

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Мамлекеттик миграция кызматы “Кырк чоро” кыймылынын активисттерин чет элдик жарандар иштеген мекемелерди көрүп кетүүгө чакырышып, биртоп кытайларга таандык заводдорду текшеришти.

Алар алгач Кара-Балта шаарындагы “Джунда” нефть иштетип чыгуучу заводуна барышты. Бул жакта 1000ге жакын адам иштесе, алардын 300ү кытайлар экен.

“Бардыгынын жумушка уруксат документтери, виза жана паспорттору бар. Бизде мыйзамсыз иштеген кытай жарандары жок. Бул жакта Кытайдан келген жогорку класстагы адистер иштешет”-деди заводдун директору. “Кырк чоронун” мүчөлөрү Аманбол Бабакулов менен Кубанычбек Дүйшеев кытай жарандарынын паспорт, визаларын текшерүүгө да катышышты. Текшерүүнүн соңунда аталган кыймылдын мүчөлөрү заводдо мыйзам бузуулар жок экенине ынанышты. “КЭРнын жарандарынын бардыгы легалдуу иштешүүдө. Мыйзам бузуу фактылары жок экенине ынандык. Нааразычылык акциясында биздин эки талап болгон, биринчиси – Кыргыз Рес-публикасынын жарандыгын чет элдиктерге берүүгө тыюу салуу. Экинчиси – легалдуу эместерди депортациялоо”- деп билдирүү жасашты жарандык активисттер. Бирок Миграция кызматы мындан башка кайсы кытайларга таандык заводду кыдырышкандыгы тууралуу маалымат тараткан жок.

Акыркы кезде Кыргызстанда антикытайлык маанай күчөп, ар кандай саясый мүнөздөгү акциялар өткөрүлүүдө. Бул жагдайды серепчилер азыркы бийликке оппозиция тараптан жасалган “чабуул” дешсе, айрымдар сырткы күчтөрдүн таасири катары баалашууда. Ал тургай экс-президент Алмазбек Атамбаевди да байланыштырышууда. Андыктан КСДПнын маалымат кызматы кытайларга каршы акциялардын артында А.Атамбаев турбагандыгын билдирди.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: