Menu

Бабановду түз жолунан ким адаштырган же Казакбаев досуна залалын тийгизгенине өкүнүп калбайбы?

Бөлүшүү:

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов саналуу гана адамдардын кеп-кеңештерин угуп, айткандарын жерге таштабай турганын тар чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Алардын ичинде жакын санаалашы, пикирлеши, партиялашы бир сөз менен айтканда жакын досу Руслан Казакбаевдин айтканын эки кылбайт дешет.

Ушуга байланыштуу бир-эки фактыны айта кетели. 2017-жылы болгон президенттик шайлоонун алдында «Бабанов&Жээнбеков» тандеми тузүлмөк болот. Макулдашууга ылайык Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен учурда Өмүрбек Бабанов премьер-министр болот деп сүйлөшүлгөн экен. Бул боюнча учурунда «республикачылар» күбүр-шыбыр болуп айтып жүрүшкөн. Мындан улам Бабанов өкмөт башчы болууга даярданып, шайлоого катышуудан баш тартайын деп калганда, Руслан Казакбаев баштаган Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев сыяктуу санаалаштары каршы болуп: «Бул шайлоодо сен жеңишке жете турган болуп турасың. Президенттик кызмат сеники болот, оомат сага ооганы туру, салыштырып карасаң сенин рейтигиң жогору, бир келген ооматтан баш тартканы атасыңбы?..» деген сыяктуу «бузуку» сөздөрду кулагына кумдай  куюшуп, Өмүрбек Токтогуловичтин чечимин өзгөртүүгө аргасыз кылышкан. Натыйжада өзүнүн рейтингине ашкере ишенип алган Бабанов Жээнбековго теледебатта катуу катылып, каарына калганы көпчүлүккө маалым.

Бул фактыга токтолгонубуздун себеби, азыркы учурда да Руслан Казакбаев өзүнүн «чечкиндүү» кадамдары менен досу Бабановду дагы жолдон адаштырганы калды көрүнөт. Дегенибиз, Казакбаев «Форумга» ат тезегин кургатпай каттап, Атамбаевдин айдагы, «Форумдун» көрсөтмөсү менен кылып жатканындай таасир калтырууда. Айрым маалыматтарга караганда, экс-президенттин кеңеши менен сыртта жүргөн досу Бабановду Жээнбековго каршы аракеттерге «үгүттөп» жатыптыр. Абай салсак, «Форум» өз кезегинде өздөрү каржылаган гезит, теле аркылуу Бабановдун рейтингин көтөрүүгө, Жээнбековдукун түшүрүүгө багытталган маалыматтык кампанияны тынбай жүргүзүп келүүдө. Мында Руслан Казакбаев жөн гана саясий курал катары пайдаланылууда. Аны Бабанов өзү билет болду бекен? Казакбаев АШАнын «айдагы» менен досуна туура кеңешин айтып, жардам  берип атам деп ойлойбу? Президенттик шайлоодо да досун жолдон чыгарган эле, эми дагы досуна залалын тийгизип, ал үчүн өкүнүп калбайбы, ыя? Казакбаевди эпке келтирип алган АШАнын максаты го түшүнүктүү, а Руслан мырзанын көздөгөнү эмне? АШАнын акчасыбы? Же чын эле «Атамбаев&Бабанов» тандеминин келечегине катуу ишенип алганбы?

Ошондой эле Руслан Казакбаев Аскар Акаев учурунда Тышкы иштер министрлигинин чет элге виза берүүчү бөлүмүн жетектеп, ал жердеги олчойгон киреше келген «агымды» өзүнүн жеке менчик туристтик компаниясына карай буруп, учурунда оңбогондой олжого туйтунган. Жети урпагына чейин жетер капиталды топтогондон кийин жердеши Бабановдун «этегине эрмешип», багалегине жармашып, чоң саясатка аралашты. Жемишин берди. Министр, депутат болду. Азыр да төрдө отурат. Бирок, жөн отурбай, чама-чаркын чактабай саясатка тереңдеп, аталаны чала баштаганы өкүндүрөт.

Өзү го мейли, бирок Бабановду биротоло «көмүп» салбайбы? Анткени, аны элдин баары Бабановдун көздөй кадры катары жакшы билет жана анын баардык кадамдары бир гана Токтогуловичтин тапшырмасы менен жасалып жатат деп түшүнөт. Башкача айтканда экс-президент Атамбаевдин «айдагы» менен камчы чапкан Казакбаев досунун чылпагын алам деп жатып биротоло көзүн чукуп тынбайбы? Эгер тизгинин тартпаса чала сабат саясаты менен Бабановдун башын түрмөгө тыгып же Кыргызстанга келгис кылып, бизнесин талкалап тынбайт деп ким кепилдик берет?! Анын үстүнө Бабановдо деле душман жетишээрлик да, башкасын айтпаганда дагы «рейдерлик» иштер боюнча тиш кайрап жүргөндөр четтен чыгат. Бабанов ойлонушу керек го…

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: