Menu

Видео – Алматыдагы авиакырсыктан аман калган наристе шок абалдагы аялдын үстүндө ыйлабай жаткан…

Бөлүшүү:

Алматыдагы авиакырсыктан наристенин кантип аман калганын, анын ошол учурдагы абалы тууралуу полиция кызматкери Жаксылык Султановдун айтып бергенин «Tengrinews.kz» жазып чыкты.

Жаксылык Султановдун айтымында, алгач алар кулаган учактан каза болгондордун сөөгүн алып чыгышкан. Анан жаңы курулуп жаткан үй тарапка барышкан. Ал жерден буту сынган, оң колу жабыркаган, шок абалдагы аялды жана анын көкүрөгүндө жаткан наристени (ал аял ымыркайдын апасыбы же жокпу, ал айтылган эмес – авт.) көрүшкөн. Экөө тең ыйлаган эмес. Сол колу менен наристени кучактап алган аялга баланы тез жардам кызматына алып барууну казакча айтса, ал макул дегендей көзүн ирмеп, ыйлап жиберген. Баланы аман-эсен тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Маркумдардын жакындарына төрт миллион теңге берилет. Жаракат алгандардын саны 47, сегизинин акыбалы оор.

Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген. Кыргызстандык Матвей Клыков буту, санынан жаракат алганы жана абалы тууралуу бүгүн, 28-декабрда айтылды.

Биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен. Ал түндө жабыркагандарын бирине операция жасаганы бүгүн маалым болду.

Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: