Menu

Экс-депутат, экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановго түз суроо: Дегеле, сиз өзүңүздү кыргыз элинин алдында күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?

Бөлүшүү:

Траспорт жана жолдор министри болуш бул акча менен байлыкка чөмүлүү дегендей эле кеп окшойт да. Дегеним, азыркы министрлердин кылыгы, Курманбек Бакиев доорундагы жол министри Нурлан Сулаймановдун былыгы аргасыз ушул ойго түртөт тура. Эсиңерде болсо мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов деген эргул өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, ити бир топ чөп жеп бат эле байыган. Министр кезинде жол оңдоо боюнча тендерлерди өзүнүн жакын тааныштарына берип, «казанчынын өт эрки кайдан кулак чыгарса » болгон эле. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калбайт тура. Кылыктары сыртка калкып чыга баштаганда экс-министрибиз куйругун түйүп Германияга кеткен боюнча дайыны чыкпай калган. Андан бери билинбей эле бир топ жыл өтүп кеткен соң Сулаймановдун Кыргызстанга келгени, өлкөдө тойлоп эле жүргөнү айтыла баштады. Канткен менен тууган жердин топурагы алтын эмеспи. Сыягы сагынса керек да. Ток этээри, министр болуп турганда бир катар каржылык мыйзам бузуу фактылары орун алгандыктан, 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Сулаймановго кылмыш иши козголгон. Иш козголору менен Сулайманов чет өлкөгө башын катып кире качкан. Мындан улам эл аралык издөө жарыяланган. Бирок, эки жыл мурун жай айларында Нурлан мырза Кыргызстандын ичинен эле табылды. Болгондо дагы Алайдын жайлоосунда кымыз ичип жүргөнүн бир депутат айтып чыккан, эй! Буга чейин бир топ суроолорго жооп алсакпы деп ит менен издеп таппай койгонбуз. Анан гезит бетинен кайрылган элек, андан да майнап чыкпады. Эл байлыгын кемирген эргулдун эмнеге жазага тартылбай жүргөнүнө жинибиз кашайып дагы гезит аркылуу суроо салгыбыз келип туру. Бети болсо жооп берип коет чыгар:

—Нурлан мырза, сиз ортодон убакыт өткөрүп туруп эле келе калып эле актансаңыз сүттөн ак болуп чыга келесизби ? 2013-жылдан бери эл аралык издөөдө жүрүп 2017-жылы Кыргызстанга кантип кирдиңиз? Кыргызстанда жүрүү эркиндигиңиз канчага бааланды?Канча «пулга» соттук ишти жаптыңыз? Кайрадан кызматка келүү планыңыз бар экен, кайсы орунду мелжеп турасыз? Адамгерчилик үчүн дагы бир соболго жооп берсеңиз, сиздин оюңузча кайсы бир кызматкер «Уурут ойгончо жеп, өлгөнчө актанат» болуп, жегенин жеп, майкөл-сүткөл турмушту камдап алган соң, кылган кылмышы үчүн жооп бербей акталып кете турган болсо, ал паракордун Кыргызстандын топурагын булгап басып келгенинин канчалык кажети бар? Дегеле, сиз өзүңүздү кыргыз элинин, мамлекетинин алдында күнөөлүмүн деп эсептейсизби?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: