-Президент Сооронбай Жээнбеков сизди бир нече жолу жолугушууга чакырыптыр, сиз андан баш тартыпсыз, анын себеби эмнеде?
-Президент менен мен бир нече жолу жолуктум, Аксыда жүргөндө телефон аркылуу сүйлөштүк жолугушуу жөнүндө. Бирок, мен акыркы жолу жолукканда президентке айткам, “кийинки жолу конституциялык кеңешме же конституциялык маселе болгондо гана жолуксак. Жөн эле жолуга берүүнүн эмне кереги бар? Сиз деле, мен деле тажадык го” деп. Президент айткан “мен күзгө чейин чечем. Конституциялык кеңешме түзөм” деп. Эгер конституциялык кеңешмени түзүү же конституциялык реформа маселеси боюнча жолукса мен сөзсүз барам. Башка, андай-мындай, темасы жок жолугушуу болсо барбайм…
-Кандай темалар болушу мүмкүн?
-Ар кандай темалар болушу мүмкүн, эми аны айтпай эле койсок, – деп жооп берди бүгүн, 17-июнда экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров баштаган курултайчылар маалымат жыйын өткөрүп жатып. Анда алар өлкөдөгү саясый ситуацияга өздөрүнүн көз караштарын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ