Menu

Казакстанда автоунаа оңдоо жайында жарылуу болуп, жети киши жабыркады

Бөлүшүү:

Казакстандын Костанай шаарындагы техникалык тейлөө станциясында жарылуу болуп, жети киши жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, жарылуу коомдук тамактануу жайы менен техникалык тейлөө станциясы жайгашкан имаратта болгон.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен билдиришкендей, жарылуу болгон маалда тейлөө станциясында газ менен жүрүүчү автоунаа токтоп турган.

Күбөлөрдүн айтымдарында, жарылуудан улам имарат урап, өрт чыккан. Жабыркагандар урандылардын алдынан чыгарылган.

Костанай облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы шаардык ооруканага жеткирилген төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: