Menu

Камчыбек Ташиев ашуудан отчет берди

Бөлүшүү:

Чоң чиновниксиңби же жөнөкөй эле дыйкансыңбы, туулган күн деген ар бир адам баласы үчүн жакшы күн. Анткени ошол күнү жарык дүйнөгө келген. Уулдуу же кыздуу болгонуна ата менен эне да кубанган күн. Тилек­ке каршы, айрыкча саясатта баррика­данын эки башка жээгинде жүргөн айрымдарыбыз адам өмүрүндөгү жа­гымдуу күн болгон ошол туулган күн­дөн да оюн жасап именинникке кара­та терс пикирлерин айткандар да жок эмес, арабызда. Бул деген ошондой аракетти жасаган адамдын пастыгы. Ошондой күндө жакшы күндө ар кан­дай «жугунду» сөздөрүн айткан пен­делер деле бар экенин көрдүк. Мей­ли, андайлар өз башы менен болсун.

Туулган күн демекчи, саясатта өз орду бар экс-министр, экс-депутат Камчыбек Ташиев кечээ эр орто­ну 50 жашка толду. Азыр Камчыбек мырзанын каруусу сезилген, туягы жетилген бышып турган курагы. Са­ясатта да жетиштүү даярдыгы бар. Кырдаалды туя билүү менен чечим кабыл алууга жөндөмдүү. Бир орун­да токтоп тура албайт. Элчилдиги, патриоттуулугу менен айырмалуу. Ак ниет, ариэттүүлүгү да бар. Баалуу касиети-мекенчилдиги. Саясат сая­саты менен болсун, а мындай учурда аз болсо да жылуу сөздү арнап коюу адамдык парс болуш керек деп ойлой­буз. Ылайым балдарынын кашында, үй-бүлөөсүнүн башында аман-эсен болсун. Анткени, жамандыкты ар дайым амандык жеңет.

«Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: