Франциянын бийлиги Сирия атайын кызматынын жогорку кызматтагы үч өкүлүн камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Le Monde гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, сириялыктар адамзатка каршы кылмыштарга тиешеси бар деп айыпталууда. Алардын арасында Сириянын Улуттук коопсуздук бюросунун башчысы Али Мамлюк дагы бар.
Тергөө иштерин баштоого теги сириялык Франция жаранынын 2016-жылы жазган доо арызы себеп болгон. Ал 2013-жылы Сирияда эки жакын адамынын жоголуп кетишин иликтөөнү талап кылган. Арызда жоголгон эки жаран тең Сириянын атайын кызматы тарабынан камакка алынганы жазылган. Le Monde басылмасынын маалыматы боюнча, 2018-жылы Дамаск алардын жүрөгү кармап каза болгонун ырастаган. Париж Сирия бийлигинин ал эки адамды зордук менен уурдап, өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектенүүдө.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ