Menu

“АтаМекен” фракциясынын лидерлик кызмат орду талашка түштү

Бөлүшүү:

“Атамекенчилердин” атасы Өмүрбек Текебаев соттолуп кеткени эки тизгин, бир чылбыр Алмамбет Шыкмаматовго тийген эле. Бирок Шыкмаматов “коррупция” менен айыпталып, 5 млн. сом төлөй тургандыгы боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыкты. Эми Жогорку сот да өз чечимин чыгарат. Натыйжада, коррупция  менен кылмыш иши козголуп айыпталган адам лидер болгону партиянын беделине көлөкө түшүрөт деген фракция ичинде интрига жүрүп, лидерлик талашка түшүптүр…

Ошол себептен талапкерлердин так талашы башталды. Тандалган талапкерлердин эч кимиси таза эмес экен. Баарынын куйругунда калбыры барлар. Биз ишенген “атамекенчилердин” бүгүнкү жүзү мына ушундай. Жаңы келген депутат И.Гаипкулов (М.Мырзакматовдун жакыны, артында бир топ чуулгандуу иштер былгып жатат). Дагы бир талапкер К.Иманалиевге ишенсек, анын “Эркин-Тоонун” эсебин тапкан эски кылыктарын кайда  катабыз? Болуптур, С.Нышанов эле болсун десек, анын БНК боюнча былыгын эл унута элек. Баса, Болот Шердин иниси Садык Шер бар эмеспи. Башы оор жигит го дешет “атамекенчилер”. Бирок  А.Шыкмаматов аны көзү жокто “бок курсак” деп сынга алып, “Мунуӊ мындай жумшак мүнөзү менен бийликтин кол баласы болуп кетсе не кылабыз?” – деп анчейин ишене бербейт экен… Алмамбет мырзанын минтип фракция тагдырына кыжаалат болуп жатканы да бир эсе жөндүү. Кантсе да “атамекенчилердин” азап-тозогун көбүрөөк тартып калган эмеспи.

Айтор тоок жылында короздой чокушкан  “атамекенчилердин” чыры  ит жылына өтүп, итче кабыша башташты окшойт. Мансап кимдин көзүн кызартпайт. Бири-бирин аңдып, фракциянын ыркын кетирген берендер минтип отуруп “Ата Мекен” партиясынын жаназасын окуп салышаар бекен?!

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: