Menu

Эдил Байсалов: “Илмиянов Атамбаевдин атынан жүз миңдеп эмес, жүз миллиондоп акча чогултканы чын”

Бөлүшүү:

Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталып жатат. Бул провокациябы же чындыктын үлүшү барбы?

Камила Талиева, экс-вице-премьер: “Тергөө көз карандысыз, мыйзамдын тили менен иш кылса, чындык чыкмак”

– Илмияновдун маселесинде бир чоң саясий сыр бардай туюлуп жатат. Эң маанилүүсү – бул эки “достун” тиреши күч алгандан күч алып, бул жигитти эки тарап тең “курал” катары бири-бирине шантаж иретинде колдонуп жаткандай сезилет… Эгер тергөө көз карандысыз, бийликтин заказын укпай, мыйзамдын тили менен иш кылса, чындык чыкмак. Тилекке каршы, биздин мамлекетте күч түзүмдөрү, анын ичинде тергөө органдары өздөрү коррупциялашып кеткен. Ошон үчүн сыр бардай сезилет.

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты: “Мамлекеттик машинанын алдында канча балбан болсоң да сынасың”

– Сооронбай Шарипович Икрам болбосо деле башкаруучу партия көрсөтүп жаткан соң өтөөрүнө ишенич бар эле да. Ал эми Икрам болсо убагында элдин баарын калчылдаткан саясий фигура эмес беле. Эми башына күн түшкөндө баары жүз буруп жатышат. Кошо отуруп чай ичкенине ыраазы болгондор бүгүн “Икрам ит болчу” дешет. Икрам болсо сууга чөгүп бара жаткан кишини элестетет. Президенттин атын айтса чоң бутакка илинип калчуудай болуп. Бийликтин укуругу узун да. Улам бир факт алып чыгып сурай берет да. Карта ойногондой азырынча майдалар, анан сүрөттөр, анан көзүрлөрүн чыгарат. Ошондуктан Икрам баарыбызга сабак. Мамлекеттик машинанын алдында канча балбан болсоң да сынасың. Ошондуктан таза иштеши керек. Ар бир аткаминерлер!!!

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Атамбаев бул ишти жаптырып койгон болчу…”

– УКМКнын КСДПга жазган жана КСДПнын УКМКга жооп каттарынын мазмунунан байкалып тургандай, УКМК КСДПга жазган катында “Дизель комплект” фирмасы $150 миң долларды президенттик шайлоо кампаниясы эмес, түздөн-түз КСДП партиясына спонсордук жардам катары накталай Икрамжан Илмияновго бергенин билдирген. УКМК КСДПга суроону туура жана так берип жатат. Ал эми КСДП өз жообунда суроону башка жакка бурмалап, “ал акча Жээнбековдун шайлоо кампаниясына алынган”- дегендей кыйытып, жоопкерчиликти Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бул КСДП үчүн көнүмүш адат. Быйыл жазында да КСДПчылардын Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схемалары коомчулукка билинйп калганда Атамбаев баш болуп ТЭЦтеги коррупцияны президент Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бирок, укук коргоо органдары бул иш боюнча бүтүндөй КСДПчыларды – Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Салайдин Авазов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкаларды камакка алып, татыктуу жообун берген. Эми Илмияновдун $150 миң доллары боюнча да КСДП татыктуу жообун алары түшүнүктүү. Дегеле, 2010-жылдан бери КСДПнын лидерлери ар бир парламенттик шайлоонун алдында өлкөнүн  бай адамдары менен фирмаларынан “партияга жардам бер”- деп ири суммадагы акчаларды алып келатышкандыгы, бирок, ал суммалар шайлоого пайдаланылбай жиксиз жоголору айтылып келген. Ошол эле “Дастан” заводунун расмий жетекчилери тергөө органдарына 2010-жылы парламенттик шайлоодо КСДПга миллиондогон сомдорду мамлекеттик заводдун эсебинен беришкенин мойнуна алып, көрсөтмө беришкен. Бирок ал кездеги өлкө жетекчиси Атамбаев бул ишти жаптырып койгон. Эми аны да кайра козгоп, ишке юридикалык баа берүүгө убакыт жетти.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Баардыгын жоопко тартканы – бул акыйкаттык”

– Илмиянов Атамбаевдин атынан жүз миңдеп эмес, жүз миллиондоп акча чогултканы чын. Былтыр, мына ачыка чыгып атат. Жээнбековдун шайлоосуна деп бинесмендерди торуптур. Кандай болгон күндө дагы – бул кылмыш. Чет инвесторлор болобу, жергиликтуу ишкерлерби, мындай нерсенин даана аты – коррупция. Президент, өзү айткандай, эч кимдин мурунку коомго кошкон салымына карабастан, керек болсо өзүнүн шайлоосун камсыз кылганы чын болгондо дагы, баардыгын жоопко тартканы – бул акыйкаттык. Элдин ишенимин ага арттырат жана бекемдейт.

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер: “Жээнбековдун чындап күнөөсү болгондо, тымызын ишти жаап коймок”

– Ошол убакта, азыркы ажобуз премьер-министр болуп турса керек, анан колу коюлат да. Азыр ич ара эмне болуп жатканын ким билсин. Эгер С.Жээнбековдун чындап күнөөсү болгондо, минтип камабай, тымызын ишти жаап коймок го деп ойлойм.

Булак: “Майдан”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: