Жайыл райондук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, сиңдисин баласы менен күйөөсүү уурдап кеткенин айткан. Бул тууралуу Чүй РИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Арыз жазган аялдын сиңдиси күйөөсү менен урушуп кетип, баласы менен эжесиникинде жашап жатканы маалым болгон. Бирок, январь айынын аягында сиңдиси баласы менен жоголуп кетет. Күйөөсү уурдап кетти деп шектенген эжеси милицияга арыз менен кайрылган.
Милиция кызматкерлери жоголуп кеткен аялды Токмоктон күйөөсүнүн үйүнөн табышкан. Аялы менен күйөөсү жарашып, чогуу жашап жаканы белгилүү болгон. Арыздануучунун сиңдиси милиция кызматкерлерине туугандарына айтканга үлгүрбөй калганын билдирген.
Буга байланыштуу арыздын негизинде козголгон кылмыш иши жабылган.
Өз кезегинде аялдын туугандары Жайыл РИИБнин кызматкерлеринин ыкчам иши үчүн ыраазычылык билдиришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ