Menu

Кыргызстанга расмий визит менен Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарындаЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: