Menu

Өзбекстанда топурак көтөрүп жазаланган аткаминер абакта отурат

Бөлүшүү:

Ташкент облусуна ошол кездеги вице-премьер-министр Зойир Мирзиев иш сапар менен келгенде талаада топурак көтөрүп жазаланган алты кишинин бирөө камалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Өзбекстандагы Kun.uz маалымат агенттиги билдиргендей, топурак көтөрүп жазаланган Бекабад райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Зойир Мирзаев аймакка келген күнү эле, 26-октябрда камакка алынган.

Аткаминердин аялы анын кайда экенин камалгандан эки күн өткөн соң билгенин айтты.

“Райондук прокуратурадан чалып, күйөөмө жылуу кийим алып келүүнү сурашты. Ошондо гана анын кайда экенин билдик. Жолдошума жылуу кийим берип жатып, анын костюму булганып калганын көрдүм. Интернеттеги алты бекабаддык аткаминердин, анын ичинде менин күйөөмдүн сүрөтүн көргөндөн кийин гана ага эмне болгонун түшүндүм”, – деди ал.

Учурда кармалган аткаминер “уурулук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана пара берүүгө” айыпталууда. Ташкент облустук прокуратурасы Бекабад райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кармалганын тастыктап, бирок бул талаадагы сүрөткө байланышы жок экенин билдирди.

27-октябрда социалдык түйүндөрдө колдоруна чоң кургак топурактарды кармап турган алты кишинин сүрөтү жарыяланган. Окуяга күбө болгон Бекабад райондук акимчилигинин өкүлү аларды иштен алынган өлкөнүн мурдагы вице-премьер министри Зойир Мирзаев жазалаганын билдирген. Анын айтымында, Зойир Мирзаев жазаланган чиновниктерди сүрөткө тартып, аны “сабак болсун” деп бардык райондук аткаминерлерге жөнөтүү тапшырмасын берген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: