Menu

Алтынбек Жумаевдин “Айшанур” чайханасы мыйзамсыз курулганбы?

Бөлүшүү:

Бизге жеткен маалыматтар боюнча «7 каналдын» алмашкыс жетекчиси Алтынбек Жумаев кичи мекени болгон Өзгөн районунун Куршаб айылында «Айшанур» аталышында чайхана куруп, анын ачылышына тууган-уругун, жоро-жолдошторун чакырып, чоң той өткөзүптүр.

Ачылышка келген А.Жумаевдин саясатчы достору – «Сени АШАнын жанынан неге чыкпай калды десек, көрсө, минтип, анын пайдасын көруп жаткан турбайсынбы» – деп, тамаша чынын аралаштырып сөз кылыптыр.

Мындан тышкары, Жумаевге таандык болгон жер тилкесинде кичи базар ачылып, санитардык нормаларга каршы келген ишмердүүлүктүн орногонун айтышууда. Ал ал болсун дейли. Эң кызыгы, Алтынбек Жумаев аталган коммерциялык объектилерин тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок, мыйзамдагы коопсуздук талаптарын көзгө илбей, өзүм билемдик саясаты менен курганы каңкуулана баштады. Балким, Алтыке азыр башка заман экендигин билбеген чыгаар. Бирок, эмнеге курулуш коопсуздугун көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар мындай мыйзамсыздыкка өз баасын бербей жүрөт деген суроо туулат?!

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: