Атамбаевдин Кыргызстанда бийликти кайрадан узурпациялоосуна жол бербешибиз керек. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков, бүгүн Бишкек шаарында өткөн “Атамбаев. Конституция. Кайран элим, кайда баратабыз?” аттуу төгөрөк үстөлдө билдирди. Анын айтымында мурдагы президенттер дагы Башмыйзамды бир нече жолу бурмалап, өзгөрткөнү менен анын элге, мамлекетке пайдасы тийген эмес.
“Эгер жаңылбасам Кыргызстанда Аскар Акаев беш жолу Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып, үч жолу өзөрткөн. Ал эми Курманбек Бакиев эки жолу Башмыйзамды өзгөрттү. Алмазбек Атамаев үч жолу аракет кылып, мына азыр өзгөртүүгө кадам таштап жатат. Башмыйзамдын өзгөрүшү менен өлкөдө кандай жыйынтык болду? Жакырчылык жоюлуп, коррупция жоголуп, экономикабыз өркүндөп кеттиби? Өзгөртүү киргизүү менен жакшы жыйынтык болот деп ким ишене алат? Мен таптакыр ишенбейм.
Бизде бийлик дайыма оппозицияны күнөөлөйт, төңкөрүш жасаганы жатат деп. Бирок, бүгүнкү күндө ошол бийлик өзү кошоматчы фракциялардын, депутаттардын жардамы менен мыйзамдарды пайдаланып конституциялык төңкөрүш жасаганы жатат”, – деди Жээнбеков.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ