Бүгүнкү күндө республиканын аймагында коронавирусту аныктоочу 9 лаборатория иштеп жатат, анын ичинен үчөөсү мобилдик лаборатория болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Мамсанэпидемкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө лабораториянын 30дан ашык кызматкери иш жүргүзүп жатышат.
“Бүгүнкү күндө коронавирус оорусуна шектүү жана ал оорууга чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгондорду толук кандуу изилдөө жана анализдерин тактоо боюнча иштер улантылып жатат” – деп билдирди Абдыкадыр Жороев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ