Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктардын арасынан коронавирус жуктуруунун жаңы 43 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, алардын бардыгы обсервацияда жаткан.
Ошентип, Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын арасынан жалпы 101 адамдан коронавирус табылды.
Белгилей кетсек, 7-майда Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайтып келген. Буга чейин алар обсервация эрежелерин сактабай, качып кетүү аракетин жасашканы дагы айтылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ