Кечээ, 26-декабрь күнү Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кочкор-Ата шаарынын автобекетинин жанынан саат 17:00 чамасында баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылган.
Баштыкка салынган ымыркайды унаа токтотуучу жайга таштап кеткен. Аны тургундар кечээ күнү табышкан.
Учурда бул факт боюнча териштерүү иштери жүрүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ