Menu

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мамлекеттик бюджеттин кайсы корголгон беренелери боюнча чыгымдар кыскарбай тургандыгын айтты

Бөлүшүү:

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу төмөндөшүнө байланыштуу, мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү кайрадан каралган. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жалпысынан мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 10 миллиард сомдон ашык кыскарган.

“Кыскартуулар биринчи кезекте ар түрдүү сатып алууларга, унаалык чыгашаларга, иш сапарларга тийиштүү болду. Ошондой эле капиталдык салымдар боюнча дагы кыскартуулар болду. Ошол эле учурда, бюджеттин корголгон беренелери – айлык акылар, пенсиялар жана жөлөк пулдар, социалдык төлөмдөр 112 миллард сом каралган, ал сумма толугу менен сакталды” – деп билдирди Эркин Асрандиев.

“Ошондой  таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияга, жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү, санариптештирүү жана соттук системаны реформалоого байланышкан кээ бир чыгашалар бюджетте калтырдык” – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Э.Асрандиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанга 243 миллион доллар тышкы жардам келген. Алардын ичинен 120 млн доллары Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы марттын аягында келген. Аны сомго айландырганда, 10,5 миллиард сомдун тегерегинде болгон. Ал акча каражаты бюджеттин мыйзам менен көрсөтүлгөн чыгашаларына жумшалды. Анын ичинен: бюджеттик жумушчулардын айлык маяналарына – 4 миллиард сом, Социалдык фондго – 1,8 миллиард сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 1,2 миллиард сом, жөлөк пулдарга – 1 миллиард сомго жакын сарпталган.

“Андан кийин, 13-майда Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы 120 миллион доллар көлөмдө келип түштү. Ал каражат азырынча сарптала элек” – деп билдирди Эркин Асрандиев.

Ал ошондой эле ар кандай булактардан коронавируска каршы күрөшүү максатында саламаттык сактоо линиясы боюнча гуманитардык жардам катары медициналык каражаттар, азык-түлүк жардам, тесттер жана башка жалпы 1,8 млн долларлык жардам келгенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: