Президенттикке аттанган чыгаан инсандарды бийлик бирден четтете баштады.
Эл колдоосуна татыктуу мырзалардын бири Ахматбек Келдибековду Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты. БШКнын “таап чыккан” жүйөөсү боюнча айтсак, Ахматбек Келдибековдун соттуулугу жоюла элек болгондуктан ал шайлоого катыша албайт. Буга чейин Келдибеков топтолгон кол тамгаларын тапшырган болчу. Ошондой эле кыргыз тили боюнча тесттен 85,9 балл алган болчу. Бирок, БШК “ойлонуп” олтуруп, Келдибековго карата акылга сыйбаган чечим чыгарып, “анын соттолгондугу жоюла элек”- деди. Ошол эле маалда Башмыйзамды карап да коюшпады. Айтор, али талаш тартыш алдыда. Акыйкат бул ааламда бар болсо анда анын жарыгы баардык адамга бирдей тийиши керек эле. Же ким бийликте болсо чындык да ошонун гана колунда ойноп тура береби? Ушу тапта Ахмат мырзаны колдогон Ош, Алай, Жалал-Абад эли керек болсо мөөнөтсүз митингге чыга турганын жарыялашты… Шайлоо алдында мындай чырдын бийликке кереги бар беле?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ