Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен турмуш-шарты оор 40 үй-бүлөгө кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, бөбөктөр кийим-кечелүү болушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызмат билдирет.
Акциянын алкагында баш имам хатиб Абсатар ажы Эркинбеков муктаж үй-бүлөлөрдүн шарттары менен жеринен таанышып, жалпы 40 үй-бүлөнүн мектепке чейинки жаш жеткинчектерине кийим-кече таратып берди.
“Кайрымдуулук акциясынын уюштурулушунун негизги максаты катарлаш кош майрамга карата жаш жеткинчектерге майрамдык маанай тартуулоо, кубанычына ортоктош болуу жана шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү”,- деди шаар хатиби.
Эскерте кетсек, кайрымдуулук акциясы Орусияда эмгектинип жүргөн Майлуу-Суулук жарандар тарабынан каржыланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ