Menu

Текебаев Кыргыз Эл Баатырларына асылды…

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат  Өмүрбек Текебаев аз күн мурун өзүнүн жеке менчик телеканалы болгон “Сентябрь” телеканалына интервью берип  “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамды алгандар көп. Бирок чын эле баатырдык кылып, эрдик кылып, өзүнүн жанын тобокелге салып Кыргызстанды туңгуюктан алып чыгып кеткен Роза Исаковна Отунбаевадан башка адам жок. Калгандардын баары чоң-чоң кызматтарда жүрүп, Москвадан келген акчаларды өздөштүргөнү үчүн баатырлыкты алып жатышат» деп, өлкөдөгү саналуу баатырлардын аброюна көлөкө түшүргөн. Депутаттын мындай пикирине нааразы болгон Кыргыз Эл Баатырларынын айрымдары ойлорун төмөнкүчө билдиришти…

Миталип Мамытов, Кыргыз Эл Баатыры:

-Роза Отунбаева «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген орденге ээ эмес. Президент Алмазбек Атамбаев азыркы тапта Отунбаева жана Текебаевдин айласын кетирип жатат, андыктан алар түрдүү ушактарды айтууга өтүштү. Бирок ушундай болгон күндө да ал мындай билдирүү айтканга укугу жок. Мен врач болуп иштеп жүрүп 30 миңден ашуун адамды өлүмдөн сактап калдым. Ондогон жаңы врачтарды окуттум, депутат да болдум. Негизи эле мага бул акылсыз адамдын эмне айтып жатканы баары бир.

Бексултан Жакиев, Кыргыз Эл Баатыры:

-Чындыгында бул ар бир адамдын эмгеги. Менин оюмча башка адамдардын эмгегин билип жана баалай билиш керек. Мен Текебаевдин айткандарына баа бергим келбейт, бирок бул сылыктык болбой (некорректный) калган деп эсептейм. Акыркы убактарда саясий процесстердин натыйжасында Текебаев жаңжалдардын борборунда болуп калды. Бардык жерде бири-биринин үстүнөн жугунду куюп жатышат. Ал эми Текебаев Роза Отунбаевага жагынуу үчүн ушундай билдирүү жасап жатат. Ал «баатырлар Москвадан келген акчаны алган» деп айткан экен. Биз качан жогорку кызматтарды ээледик эле? Ошондой каражаттарга алар өздөрү колун салып жатышат. Менде жадагалса өзүмө тиешелүү кабинети жок батир гана бар. Айлык акыга жана пенсияга жашайм. Алардыкындай бизнес менде жок.

-Эрнест Акрамов, Кыргыз Эл Баатыры:

-Кыргызстанда “Ак-Шумкар” өзгөчө төш белгисине ээ болгон инсандар анча деле көп эмеспиз. Саналуу эле адамдарбыз. Жашыбыз деле өйдөлөп калды. Өмүрбек Текебаев ачууга алдырса деле мынчалык оор сөздү айтпай эле койсо болмок. Мен Өмүрбектин оозунан мындай сөз чыгат деп күткөн эмесмин. Баатырлык наамды алган инсандар ар бирибиздин өзүнчө элге сиңирген  эмгегибиз бар. Мен мисалы быйыл 80 жашка чыктым. Жыйырма жашымдан тарта медицина тармагына аралашкам. Алтымыш жыл дарыгер болуп эмгектендим. Ошол эмгегим бааланып Эл Баатыры болгом. Саясатчылар сүйлөөрдөн мурун кичине ойлонуп сүйлөшсө жакшы болоор эле.

 -Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:

-Өмүрбек Текебаевдин эмне деп айтканын мен уккан жокмун. Бир жумадан бери ооруканада дарыланып жатам. 2010-жылдын 7-апрель революциясында алган жаратымдан улам жылына эки жолу ооруканага жатып дарыланып турам. Чынын айтсам, ооруканага жаткандан бери телевизор көрүп, гезит окуй элекмин. Маалыматтан толук алысмын. Эми менин Кыргыз Эл Баатыры наамын кантип алып калышымды көпчүлүк жакшы билсе керек. Мен наамды жөн эле алып калган эмесмин. Көпчүлүк эл менен чогуу Бакиев бийлигинин тактан кулашына өз салымымды кошуп, ок тийип жарат алып баатыр болгом. Албетте, революцияны мен эле жасаган эмесмин. Бүтүндөй эл жасаган. Бирок Кыргыз Эл Баатыры наамы мага буюрган экен, мен алдым. Мага баатырдык  наам  жөн берилбегенин мен дайыма сезем. Кандай болбосун эл алдында жоопкерчилигимди сезип,  өмүрүм өткөнчө эл үчүн ак жана так иштөөгө аракет кылам.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: