Menu

Саясий партиялар аркылуу келген депутаттардан арылуу зарыл!

Бөлүшүү:

Учурда экономикалык, социалдык абал бир аз да болсо өнүгүү жолуна түшүп, карапайым калктын жашоо турмушу күн санап оңолуп, тамыры терең жайылып кеткен коррупция деген коом оорусу болгон илдетке өлкө башчысы өз убагында аёосуз күрөш жүргүзүп жатса, аны да аласалдырып айтып, “жалаң гана оппозициячыл саясатчылар камалууда” дешип, чычалап чыккандар болууда. Кылмыш тузагына илинген “оппозиция” өкүлдөрү кимдер!? Кечээги эле майлуу-сүттүү мамлекеттик орундарды ээлеп, майкаңдап жүргөн, алган сайын ашынган, жуткан сайын жулунган эргулдар элдин мүлкүн кымырып жеп, тойбой жүргөн чоң чиновниктер. Алардын мойнуна прокуратура, коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан мойнуна укурук илингенде гана оппозициянын короосуна кире качып, «мен оппозиция болчумун, ошол үчүн камап жатышат» деп демитип киришет.

Мамлекет башчысы “мыйзамды бузган депутат, министр, губернатор, мэр, аким, айыл өкмөт башчысы, дегеле ким болбосун аларга карата кылмыш иштери козголуп, сотко берилиши керек” деп байма-бай баяндап келет. Коррупцияга каршы чечкиндүү кадам жасаган, элдин эсебинен байыган ээн баш алдым-жуттумдарды алкымдан алган, талапты так койгон президентибиздин бул иштерине баа берип, көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп, басып жүргөнүбүз чекилик болоор.

Саясый коррупция бир жагынан колтуктан чыгып, айрым саясатчылар “эл үчүн” деп төшүн койгулаганы менен иш жүзүндө жеке кызыкчылыгын жогору коюп көздөгөнү, тилегени жогорку бийликтен жумшак орунду ээлеп, эл башында бакылдап, булут минип муз бүркүй, күндүк өмүрүнө түштүгүнө жорго мингиси келген атка минерлер алчактап жүрү. Бирок бир аз ээрден кыйшайса арам тапкан акчаларын самандай сапырып, агайын-туугандарын баш кылып, “обончу” катындарды төш кылып, пикет, митинг уюштура коюп, бейпил турмушун өткөрүп жаткан карапайым калкты дүрбөлөңгө түшүрө коюп жатышканын көрүп жүрдүк. Күн өтүп, ай айга алмашып, жыл жылган сайын эгемен мамлекетибиздин миллиардды чапчыган ички сырткы карызынын пайызы өсүүдө. Карыздар кайсы тармакка кетип жатат? Бюджет жыртыгы бүтөлдүбү? Жок! Бюджет белинен очорулуп турганына карабай бюджеттик ссуда, четтен алынган кредиттерди кайтарып берүү жагы жабыркап, карапайым айдоочуларды кокуйлаткан, айып пулу асманды чапчыган “Коопсуздук шаар” дегенди киргизишип, андан түшүп жаткан миллиондогон сомдор кайсы тармакка жумшалууда ? Ал чогулган акча карызга төлөөгө кетеби же аны дагы сугунуп коюшабы дешип карапайым калк ишенбей турат. Биринчи кезекте миллиондоп жеген коррупционерлер арам жол менен тапкан акчаларын кайтарсын. Парламентте отурган өзүлөрүн “элита” санаган көпкөн көпөстөр салым кошсун. Алган карыздар экономиканын финансы жана өнөр жай тармагынын реструктуризациялоого жумшалбай жең ичинен желип, ич-ара ичилип кетип жатканы жалганбы. Мындай жоболоңду жол менен жол улай берсек президент менен кыргыз өкмөтү шайлоочулары менен жүз көрүшпөй каалганын ары жагында калат болуш керек.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кадр маселеси диктаторлук бийлик жүргүзгөн мурдагы президенттердин ачакей-жумакей колунда, аялынын, балдарынын, туугандарынын буйругу менен жаңыдан өмгөктөнгөн өлкөбүздүн эң эле кирешелүү тармактарына жең ичинен да, ачык да жегенге маш жетекчилер дайындалып турганын көрүп, көңүлүбүз сапырылган күл болуп турбадыбы. Ал кездеги президент буйрук берсе бир чечим, премьер-министр шыңгыратса бир бүтүм чыгып, мыйзамдуулук мышык ыйлаган абалга келип, укуктуулук укуруктун башында болчу.

Бирок азыркы кадр саясаты деле сайга аркандалып, ал баарын чечет деген сөз туу тутулбай, тумчугуп калганын өлкөбүздүн ар бир жараны жакшы билет. Тиешелүү тармакка иш билги, тажрыйбалуу жетекчилер шайланат же дайындалат деген ойлор таш каап, баягы эски жолго жорго салыш жүрүшүнүн арааны аркырап турат. Эгемендүүлүккө ээ болдук деп делбетап болгондон бери үч күн министр болгондорду санабай эле коёлу. Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрди, министрлерди жактыраарда жарга такамыш болуп өткөрөт бир ай өтпөй “өпкөгө тепкилеп” калышат. Какаганга муштаган болуп, мурдагыдан өзгөчөлөнүп, азыр саясый партиялык тизме деген тикенек чыккан. Мектеп директорунан тарта, айыл өкмөтүнүн башчысы, аким, губернатор, министрге чейин ошол “ардактуу” партиялар бир ымалага келишип, таразага так тартып бөлүп алышкан. Алар дайындаган жетекчи сөрөй ал тармактын талылуу жерин билип, алга сүрөп кете алабы, мамлекеттин социалдык-экономикалык жагына салым кошуп, калк кадырлоосуна ээ болуп кете алабы деген талаптар талаада калып, тумтак ойлоруна алгылары келбей туру. Иши кылып колуна тийген “устаканды” парламенттик мөөнөт бүткүчө таза мүлжүп, мамлекеттик мүлктү анын колу менен кошо жеп-жутуп, “аппакмын” деп актанып, “тазамын” деп таранып, калп айтып карганып, “жалган” деп жаланып турган алардын кендүм адатына айланган.

Салык, бажы, МАИ, паспорт толтуруучу, банк кызматкерлеринин төбөсүнө белгиленген “тариф”, “ставкасынын” төлөп, ал тармакты тумтак билбеген “эр-азамат” же ” эрке айым” чокчоюп отуруп, чочоңдоп турат. Кирешелүү тармакка киргенден кийин көздөрүн кызарткан кызыл акчаларды, жашыл долларбайды жамынып, элдин, мамлекеттин мүлкүнө билегине чейин салып, миллионду жеп-жутуп, жаланып-жуктанып отуруп калат. Алар кылмыш кылтагына илинет, бирок сопусунган сотторго бөлүшө келип суудан кургак, сүттөн ак болуп чыга келишет. Бираз убакыт өтөт, коңурук тартат, коңулга кирет. Күндөрдүн бир күнүндө күлүп жайнап, чоң министрликтин үстөлүн кучактап отурганын көрөсүң да кадр маселеси кандай чечилип жатканына күбө болосуң. Айтор мамлекетибизде кадр саясаты сайга аркандалып, билимдүү бир тармакта көп жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон, калк каалоосуна, өлкө мүдөөсүнө эмгектенип берүүчү эр-азаматтарыбыз, глобалдуу ой жүгүртө алган айымдарыбыз өз короосунан чыга албай, чындыкты чыркыратып айта албай арманда жүрүшөт. Кийинки шайлоодо Президентти, депутаттарды эл шайлаш керек! Геосаясатты эске алып, элдин талабын орундатып, коомдук ишмерлердин, парламентке өтпөй калган акылы тунук, чөнтөгү куру жаштардын, принципиалдуу, омоктуу ойлорун айтып жүргөн коомдук ишмерлердин пикирлерин угуп, карапайым калктын “калагына” салып берип, андан кийин президенттик, депутаттык шайлоону мажоритардык система аркылуу өткөрүү азыркы мезгилдин курч талабы !  Сөз соңунда айрым саясый партиялар аркылуу келген депутаттардан арылып, жан дүйнөсү таза, билими ой-жортуусу терең, чыныгы карапайым калк үчүн эмгегин арнаган жаңы муундун өкүлдөрү келип, саясый коррупция менен күрөштү колго алып, жарандык коомчулуктардын өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз иш алып барышып, “коррупция” деген жети желмогуз менен тынымсыз күрөшүп, чечкиндүү кадам жасалбаса эңкейип, эңшерилип бараткан экономикабыздын өсүп-өнүгүшү кыйынга туруп калат.

Асан Акматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: