арын облустук казыяты Ат-Башы айылында ыйман сабактарына 4 жылдан бери катышып келе жаткан инсандарга ыраазычылык ирээтинде сый тамак уюштуруп, жылуу каалоолорун билдирди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Келген конокторго казыят тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, ата-энелерге арналган ырлар, куттуктоо сөздөр айтылды.
Нарын казыятынын эмгек жамааты катышкан иш чарага казыяттын атынан Эрик Молдокулов сөз сүйлөп, ата-энелерге уулдарынын сабактарга келиши жакшы жыйынтыктарды берип жаткандыгын, алды демөөрчүлүк кылып, арты беш маал намазын калтырбай окуп баштаганын айтып, сабакка келип жаткан агалардын үй-бүлөсүнүн көңүлүн көтөрдү. Куран окуу менен башталган саамалык көңүл көтөрөөр маанай менен жыйынтыкталып, ата-энелердин алкоосуна арзыды.
Эскерте кетсек, Нарын облустук казыяты бир топ жылдан бери ыйман сабактарын уюштуруп келе жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ