«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Кочкор райондук хатибияты кечээ, 12-декабрда Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, анда баш имам хатиб Арзымкожоев Жеңишбек балдардын тарбиясы, өз жанын кыюунун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана жаш муундарды адептүүлүккө тарбиялоодо ата-эненин ролу темасында баянда жасап, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Баш имам хатиб ата-эне балдарына 24 саат жоопту экендигин айтып, аларды билимге, кол өнөрчүлүккө жана заманбап технологияларды ойлоп табууга кызыктыруу керектигин баса белгиледи.
Ал эми жолугушууга келишкен ата-энелер балдарды адептүү, ыймандуу кылып тарбиялоодо дин кызматкерлери дагы өз салымдарын кошуу керекгигине токтолушуп, мындай жолугушууларды окуучулар менен байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгы бар экендигин айтышты.
Эскерте кетсек, ушундай эле жолугушуулар Кочкор айылынын «Ишенаалы Арабаев» атындагы орто мектепбинде дагы улантылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ