Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм бала муунуп көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чүйдөгү айылдагы мектептердин биринде окуп, толук кандуу үй-бүлөдө жашаган бала 26-ноябрда муунуп каза болгону тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Анын жансыз денесинен муунган жиптин изинен башка эч нерсе табылган эмес. Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Экспертиза дайындалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ