Menu

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Бөлүшүү:

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын өкмөтү былтыр май айында кабыл алышкан. Бул боюнча мыйзамды ошол эле жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, июлда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Макулдашууга ылайык, аталган фонд Кыргызстанга 30 млн. доллар же жергиликтүү валютага чакканда 2,1 млрд сом жеӊилдетилген насыя бөлмөк.Өкмөт бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салууга убада берген. Бирок дээрлик бир жылдан бери акча да түшкөн жок, мектептердин курулуштары да баштала элек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери Токтомамат Зикирбаев келе турган каражатка мурда пландалгандай 16 мектеп эмес, 27 мектеп курула турганын, бул кеңешүү менен чечилгенин айтты.​

– Буга Сауд өнүктүрүү фонду деле макулдук берген. Алар биз жумушту баштаарыбыз менен акчаны которушат. Мектептер ар бир облуста курулат. Алгач 16 мектепке тендер жарыялап, ишти баштайбыз. Алардан ашкан акчага калган мектептерге жетээрлик кылып бөлүштүрөбүз, – деди Зикирбаев.

Сауд өнүктүрүү фонду каржылачу мектептерге тендерлер жыл аягына чейин жарыяланышы мүмкүн.

Бул маселе боюнча кененирээк комментарий алуу үчүн Сауд өнүктүрүү фонду менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жок болгондуктан Сауд Арабиясынын Бишкектеги элчилигине кайрылып, бирок жоопсуз калдык.

Мектептердин курулушун каржылоо долбооруна бөлүнгөн 30 млн долларлык каражат Кыргызстанга жеңилдетилген насыя катары берилет.Муну Кыргызстан бир пайыздык үстөк менен 25 жыл мөөнөт ичинде төлөп бүтүш керек. Насыяны төлөө 2022-жылдардан башталат.

Сауд өнүктүрүү фонду мындан сырткары ушундай эле шартта Кыргызстанда заманбап балдар ооруканасын курууга да 30 млн. доллар көлөмүндө насыя бөлгөнү турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: