Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын экс-президенти Абдыганы Эркебаев кызмат десе эт-бетинен кеткен инсан. Карыганын билбей эле жаштар менен тең жарыша чуркап жүрүп, эми эле тынчыды. Өткөн жылы бир китеп чыгарыптыр, анда Кыргызстандын көз карандысыздыгынан берки учурдагы оош-кыйыштар жазылып, саясат терең талдоого алынган. Китебин окуп көргөн адам Эркебаевден акылдуу адам жок деп ойлоп кетиши мүмкүн. Учурда Абдыганы мырза Ишенаалы Арабаев атындагы университетинде магистранттарга лекция окууда.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ