Menu

Алмаз Атамбаев сентябрда өтчү өзүнүн 60 жылдык юбилейине кандай даярдыктарды көрүп жатат?

Бөлүшүү:

Быйыл сентябрда Алмаз Атамбаев 60 жашка толот.  Албетте ал реалдуу турмушту кошоматчыларынын  көзү менен же “кызгылт очки” аркылуу гана көргөндүктөн ал башкарган 6 жылда Кыргызстанда «кой үсүндө торгой жумурткалаган заман”  орноттум деген өзүнүн – “Атамбаевдик дүйнөсүндө” жашайт. Ал Кыргызстандагы баардык процесстерди “Атамбаевдик дүйнө” аркылуу гана көрүп таразалайт. Ошондуктан ал дайыма анын “жетишкендиктерин” көрбөгөн элге, журналисттерге нааразыланып, маалымат жыйындарында наалып келет. Мына ушул себептен ал 60 жылдык юбилейин улуттук майрам катары тосуп алуу ниетинде азыр катуу камданып жаткан кези.

Вилла

Атамбаев азыр биринчи кайын журту – Кой-Ташта (байбичеси Бүбүажар Теңизбаеванын айылы) 5 гектар жерди 5 метр бийиктиктеги таш коргон менен корголоп алып, эбегейсз чоң вилла салдырып жатат. Ал жер мурун “Физприбор” заводуна караштуу болчу. Ал кандайча Атамбаевдин менчигине өтүп кетти белгисиз. Коргонунун баары ичи-сыртынан видеокамералар менен кайтарылып, курулушту кайниси, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев көзөмөлдөөдө.   Курулуш күнү-түнү жүрүп, Атамбаевдин “сентябрь айына, юбилейиме бүтүрүп бересиңер!” деген буйрутмасы боюнча тездик менен жылууда.

Видеоклиптер

Атамбаев студент кезинде ошол кездеги “КПССтин Генералдык катчысы Леонид Брежнев тууралу мактоо ыр жазып, аны гитарага салып ырдап, дүйнө жүзүнө атагымды чыгарам” деп кара терге түшүп чуркап жүргөнүн жакын достору эскеришти эле. Ал кыялы ишке ашпай жүрүп, эми президент болгондон кийин гана өзүнүн 60 жылдык юбилейине арнап 5 орусча, 5 кыргызча ыр ырдап, видеоклип жасарын элге жарыялаган. Анын 4 орусча видеоклиби ачыкка чыкты, калгандарын сентябрга, 60-жылдык юбилейине чейин бүтүрөрүн расмий билдирди.

Жолдор

Анын 60 жылдык майрамына карата экономикада, элдин социалдык абалын жакшыртууда мактанарлык же көзгө сайып көрсөтө аларлык эч бир жетишкендик жок болгондуктан ар жактан тилемчилеп карыз алып болсо да жолдорду оңдоого катуу киришти. “Сентябрь айына карата бүтүрүп берсеңер, менин туулган күнүмө берген белегиңер!” болот деп  25 чакырымдык Бишкек-Манас, 104 чакырымдык Балыкчы-Корумду, Бишкек шаарындагы, Чүй облустундагы сыяктуу жол куруучулардын шаштысын кетирүүдө. Эл “Атамбаевдин жетишкендиги” катары жок дегенде жаңы жолдордун курулушун кабыл алсын деген аруу тилек болсо керек. Бирок, өзүнүн айланасындагы коррупционерлерди тыйып койбогондуктан жол куруучулардан “откат” алуу  салты гүлдөп өсүп,  анын залакасы жолдордун сапатына таасир берүүдө. Курулушу кызуу жүрүп жаткан Бишкек-Манас жолунунун бүткөн участокторунан жүрүп өтүшкөн депутат Өмүрбек Бабанов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экөөсү тең жол өтө сапатсыз бүткөрүлүп жатканына нааразы болуп расмий билдирүү жасашты. Ал эми Балыкчы- Корумду жолун куруудагы курулуш технологияларынын одоно бузулуп жатышы ал жолдордун 1 жылдан кийин бузулуп талкаланышына алып келерин адистер тынбай эске салышууда. Бирок, бийликти бир жылдан кийин эмне болору кызыктырбайт. Аларды азыркы “откаттар” менен жолдун сентябрь айына, Атамбаевдин юбилейине эптеп бүткөрүлүшү гана кызыктырат. Баса, Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна бюджеттен алдын-ала акча каралбагандыктан Каржы министри Касмалиевди күчкө салып ар башка социалдык беренелердин акчасынан алып берүүгө мажбур кылышууда.

Конституция

Башкасы бүтүп калгансып эми Атамбаев сентябрь айындагы өзүнүн юбилейине жаңы өзгөртүлгөн конституцияны белек кылгысы келет.  Ал үчүн сентябрга чейин отпускеде жүргөн чөнтөк парламенттин кошоматчы депутаттарын июлда чакыртып келип, президенттик аппарат даярдаган конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча даярдалган мыйзам долбооруна кол койдуруп, референдум өткөрүү демилгесин көтөртүштү.  Азыркы депутаттар мыйзам долбоорлоруна окубай туруп кол коюп берип жатышканын Текебаев өзү  “Акаев, Бакиевдин замандарында да депутаттар мыйзамды көрбөй туруп кол коюшчу эмес эле”  деп айтып чыгып ызылдады. Атамбаевдин негизги максаты президенттиктен кеткенден кийин күчтүү ыйгарым укуктары бар премьер-министр болуп кайра бийликти кармап калуу.  Ал эми “мен президенттикке же премьер-министрликке барбайм” дегенине  азыр макоолор эле ишенбесе башкалар ишенбей калды. Анткени 2010-жылы да Атамбаев “мен президенттик да парламенттик да шайлоого катышпайм!” деп кайра-кайра жарыялап жатып бирок сөзүнө турган эмес.

Кыскасы, Алмаз Атамбаев азыр өзүн кыргыздын Ататүркү катары сезип, өлкөнүн турмушун “Атамбаевдик дүйнөнүн” призмасы менен карап, 60 жылдык юбилейин улуттук деңгээлде тосуп алууга даярданууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: