Menu

ЮНИСЕФ Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында балдар оюндарын уюштуруп жатат

Бөлүшүү:

Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдар оюндарын уюштуруп жатат. Этношаарчанын коноктору жамбы атмай, ит тартыш, шамдагай алакан, ашкабак чапмай жана башка оюндар менен таанышууда. Атайын тандалып алынган 25 оюн – бул балдары менен кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү үчүн ата-энелерге жардам болчу оюндар тизмеси.

III ДКО Катчылыгынын жана ЮНИСЕФтин демилгеси боюнча, ушул жылдын июнь айында Балдар оюндарынын кербени уюштурулган. Бул кербен Кыргызстандын ар бир облусун кыдырып чыккан. Сапар Кант шаарынан башталып, Чолпон-Ата, Каракол, Кочкор, Нарын, Талас, Бакай-Ата, Сузак, Базар-Коргон, Ош, Араван, Баткен, Исфана, Бишкек шаарларында уланып, Кырчын капчыгайында жыйынтыкталды.

“III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжасында Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган 5 миңден ашык бала жана алардын ата-энелери көчмөндөрдүн салттары тууралуу көбүрөөк маалымат алышып, улуттук оюндарды ойной алышты. ЮНИСЕФ балдарга өзгөчө эрте куракта мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүп, алар менен чогуу ойноого үндөп келатат. Ата-эне жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү балдарына канчалык көбүрөөк мээрим төгүп, кам көрүп, чогуу ойносо, баланын дене бою, акыл-эси, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсү ошончолук жакшы болот!”, – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Көчмөндөрдүн салттуу элдик оюндарында баланын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зарыл болгондун баары бар. Элдик оюндар бардыгы үчүн түшүнүктүү жана жетимдүү болгондуктан балдардын ой жүгүртүүсүн активдештирип, айлана-чөйрө тууралуу элесин кеңейтип, психикалык процесстерди өнүктүрөт.

“Жаштар мууну өз тарыхын жана маданиятын биле жүргөнү өтө маанилүү. Оюндар – бул көчмөндөрдүн маданиятын калыбына келтирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Элдик оюндардын гуманитардык, агартуучулук жана педагогикалык дарамети өтө чоң. Алар элдин социалдык тажрыйбасын кайра жандандырып, мында улуу муун балдарына ушул тажрыйбаны өткөрүп берет”, – деп белгиледи III ДКО Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: