Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер министр, маданият министри болгон Камила Талиева учурда саясий айдыңдан сүрүлүп калды. Бары-жогу билинбейт. Эч бир партия, бийлик капарына албай, эч маани бербей койгондон уламбы же өзүнүн бар экенин коо-чулукка маалымдап коюуну эп көрөбү, айтор “Фейсбук” социалдык тармагында ар ким менен жаакташып отурганын гана көрүүгө болот. Муну менен Камила айым аброюна көлөкө эле түшүрбөсө, сый-урмат таппасы бышык. Бирок бул жагдайды эске албаганы кызык… Сыягы, эптеп эле эл көзүнө көрүнүп турушу башкы максаты окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ