Жалал-Абад шаарынын аймагында 18-майда азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардамдар таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардын аймагындагы жардамга муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылган.
Андан тышкары, азык-түлүк түрүндөгү жардамдар өкмөт, мэрия, жеке жана эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр жана жергиликтүү активисттер тарабынан дагы таратылып келүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ