Алмаз Атамбаев Кипр Республикасынын Президенти Никос Анастасиадисти Кипр Республикасынын Көз карандысыздык алгандыгынын 56 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин өлкөлөр ортосунда достук мамилелердин өнүгүшүнө кызыкдар экенимди билдирүү менен, Сизге чыӊ ден соолук жана бакубаттык, ал эми дос Кипр элине тынчтык менен гүлдөп өнүгүүнү каалайм.
Улуу урматтуу, сизди бийик урматтайм деген ишеним сөздөрүмдү кабыл алыӊыз”, – деп белгиленет Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ