Menu

Төрт жаш фракция лидерлери биригип, Атамбаев менен Текебаевди четке түрткөнгө духу жетпейби?

Бөлүшүү:

Азыр эсти оодарган эскилерди, саясатчыларды бийликтен кууп түшүш керек деген кептер көбөйдү. Карыган төөнүн көзүндөй болгон карт саясатчылардын атын укканда көпчүлүктүн аллергиясы кармаса, бир тобунун көңүлү айныганы жалганбы? Элди удургутуп жаткан Атамбаев менен Текебаев да элдин колдоосуна ээ боло алышпай турганы да чыркыраган чындык. Жаштар бийликке келсе оңолот элек дегендер четтен чыгат. Элди удургутуп, бөлүп-жаргандан башка пайда алып келгенди билбеген, экономиканы эгерим эстебеген эки “драконду” бүгүн бийликтен алып түшкөн адамды кыргыз эли Баатыр деп даңктай турган абалга жеткенин кантип жокко чыгарабыз. Көпчүлүктүн каалоосун аткаруу Жогорку Кеңештеги төрт жаш лидердин Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаевдердин колунда турат. Бул төртөө президенттин айтканын айткарып, жүгүрүк лидерге айланбастан, эрктүү кадам таштай турган учуру келип туру. Сен чык, өзүң чык болуп коалиция араң турган кезде, Бакыт менен Канат жигитче сөз сүйлөп, көпчүлүктөн чыгып кетип, Бабанов менен Сулаймановду кошуп көпчүлүктү түзсө Атамбаевдин да үстөмдүгү Жогорку Кеңеште орнобойт болчу. КСДП менен “Ата-Мекен” оппозицияда калып, кырылыша бермек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: