Алмаз Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.
Атамбаевдин маалымат жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, төрт саатка созулду. Ага 150дөн ашык журналист жана он чакты саясий эксперт катышты. Байкоочулар Атамбаев бул ирет өзүн токтоо кармап, саясий каршылаштарына ачуу сын айтуудан тайсалдап турганы байкалганын белгилешүүдө.
Бишкектеги Ала-Арча резиденциясындагы жыйында Алмаз Атамбаев акыркы беш жылдын өзгөчөлүгүнө токтолуп, бул аралыкта кыргыз эли өзүнүн улуу эл экенин сезди деп айтты.
Булак: “Азаттык”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ