Menu

Акыркы кездеги табийгат кырсыктарынын зыяны 7,5 млн сомду түздү

Бөлүшүү:

Акыркы кездеги табийгат кырсыктарынын натыйжасында келтирилген зыяндын көлөмү 7,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

«Жаратылыш кырсыгынан негизинен инфраструктуралык объектилер – каналдар, көпүрөлөр, жолдор жабыркаган. Чүй облусу боюнча бир нече гектар чарба жери зыян тарткан. Сел жана жер көчкүлөр калктуу пункттардан алыс орун алгандыктан, адам курмандыктары болгон эмес жана социалдык объектилер, турак-жайлар зыянга учураган эмес», – деп маалымдады ал.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, калк арасында жер көчкү коркунучу орун алган аймактардан көчүп кетүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада, Ош облусунда турак-жайы кооптуу тилкелерде жайгашкан үй-бүлөлөр коопсуз жайларга көчүүгө макулдугун беришкен.

Өкмөт башчы белгилегендей, ирригациялык тармактардын өз учурунда тийиштүү түрдө ирээтке салынбагандыгына байланыштуу аталган жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен келтирилген зыян күч алууда. Буга байланыштуу ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен тыгыз аракеттешүү аркылуу бул багыттагы иштерди күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

«Эгерде адамдар жаратылыш кырсыгынан жабыркаган болсо, анда аларга эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам көмөк көрсөтүлүшү тийиш», – деп белгиледи Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: