Menu

Төртилтик Бакыт Төрөбаевди сүрөөнгө алабы?

Бөлүшүү:

Ар кимисинин өз орду, саясий салмагы, электораты бар төрт саясатчы – Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков биригишкенден тартып, бул төртилтик президенттик шайлоодо кимди колдойт деген суроо көптөргө табышмак болуп келген. Бул сырдын түйүнү чечилди.

Дегенибиз, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев расмий каттоодон өткөндөн кийин шайлоо фонду 44 миллион сомго толукталганы маалым болду. Ушунун өзү Бакыт мырза шайлоого олуттуу даярдык көрүп жатканынан кабар берди. Демек, төртилитик жалгыз талапкер катары президенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаевди колдой тургандары билинип калды. Бул туурасында жакынкы күндөрү төртилтик расмий түрдө билдирүү жасаганы турат. Арийне, Бакыт мырза үч саясатчынын колдоосуна таянып, «эки тизгин бир чылбырды» колго алып аламан жарышка түшсө, бийликтин чийген пландары кыйсыпыр болуп, чоң саясий погода жарала турган өңдөнүп калды…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: