Menu

Алматыда «Саяси калам. Трибуна» гезитинин редакторунун үйүндө тинтүү жүрдү

Бөлүшүү:

Алматыда «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамайдын үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу анын энеси Менизат Токпатаева билдирди.

Ал бүгүн эртең менен өздөрүн каржы полициясынын кызматкерлери катары тааныштырган топ үйгө келгенин маалымдады. Алар батирди дыкат текшерип бүткөн соң Мамайды алып кетишкен.

«Саяси калам. Трибуна» басылмасынын кеңсеси дагы тинтүүгө алынганын журналист Инга Иманбай Фейсбуктагы баракчасына жазды. Учурда Мамай менен Иманбайдын телефондору чалууларга жооп бербей жатат.

Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу кабарлагандай, Мамай «Саяси калам. Трибуна» гезити аркылуу легалдуу каржы операцияларын жүргүгөн түр көрсөтүп, БТА Банктан уурдалган каражаттарды адалдоо менен алектенүүгө шектелүүдө.

Ай башында «Саяси калам. Трибуна» гезитинин саны кечигүү менен жарык көргөн. Басмакана редакциянын карызы бар экенин билдирсе, Мамай муну саясий себептер менен байланыштырган. Декабрда ал автоунаасына кол салуу болгонун жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: