-Кенжебек байке кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
-Рахмат! Аракет кылып жатабыз. Жакында эле Индиядан боордон денин сыртына чыгарылган «контролдук дренаж» деп коёт, ошону жана өт өтүүчү стендти алмаштырып келдим. Кыскасы, күрөшүп келебиз.
-Деги эле жашоонун өзү күрөш окшобойбу ээ байке?
-«Жашоо күрөш» деп кезинде Карл Маркс айтканынын деле бир жагы туура болсо керек. Ошентсе да Чыгыштын бир акылманы айткандай, «жашоо бул чоң оюн» дегенге көбүрөөк кошулгум келет. Биз, адамдар бул жарыктыкта чоң, кичине, орто – ар кандай деңгээлдеги оюндардын катышуучуларыбыз. Ар ким акыл дараметине, кээ бирлери кара күчкө таянып, дагы бирлери акчасынын күчү менен гана оюн ичинде жүргөндөй.
-А сиз өзүңүздү кайсы деңгээлдеги оюндун ичиндемин деп эсептейсиз?
-Калыгул, менин кесибим журналист. Сен да журналистсиң. Ал эми журналистиканын башка кесиптерден өзгөчөлүгү – ойго, логикага, сөзгө өтө жакындыгында. Биздин кесип ушул түшүнүктөр менен байланышып, калыптанышып калганында. Ал эми сөз менен адамды көкөлөтүп же таптакыр түшүрүп салса да болот. Ошон үчүн «эң биринчи сез болгон» деп айтылат. А бул түшүнүктөр «жашоо курал» же «жашоо чоң оюн» деген аныктамаларда өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов деле «журналист кайсы гана доордун болбосун башкы каарманы» деп жөн эле жерден айтпаса керек. Андыктан, журналист деген кесиптин ээлери өз кесиби менен сыймыктанып эле эмес, аны ошол бийик маанисиндей тута билишибиз керек го деп эсептейм.
-Тилекке каршы…
-Эмне тилекке каршы?
-Тилекке каршы ошондой ардактуу кесиптин кадырын түшүрүп жаткандар да болуп жатпайбы?
Ал биринчиден, адамдын өзүнөн. Андай көрүнүш бизде эле эмес, дүйнөлүк журналистикада да орун алган «оору». А бир чети жаратылышта нечендеген түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде да түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Ошон үчүн гезиттердин бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы бири мактайт. Мобу беш кол тең эмес болгондой, бул жашоодо телегейи, журум-туруму бардык жагынан тептегиз адам болбойт. Андыктан, эң негизгиси, журналисттер бири-бирибизди сыйлаганды алдыга койсок, ошондо биз эң чоң күч экенибизди баары сезет. Ошого жараша беделибиз да, даражабыз да салмактуу болот. Жок, антпей эле бири-бирибизди одонороок айтканда, мазактап же чукулай берсек, биз анда кимдир бирөөлөрдүн куурчагына айланып калабыз. Өзгөчө жандүйнөсү жакыр, көрдүйнөсү бай адамдардын. Ошондуктан, какайганга какайып, сыйлаганды сыйлай билсек, ошондо кимиси болсо да журналисгтерден сестенет. Мыйзамда жазылбаган менен бекеринен бизди «тертүнчү бийликтин өкүлдөрү» деп атабаса керек. Журналистика – бул коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип туруучу кесип. Анан да бул жашоодо нечендеген хандар, вазирлер өткөн. Ошол журт башкаргандардын мыктыларын же тескерисинче чабалдарын, алардын жасап жаткан иштерин калктын эсине салып, жүрөктөрүнө жеткирип тургандардын бирден бири бул – төртүнчү бийликтин ээлери.
-Ошентсе да азыркы гезит жетекчилерине башкы редакторлору туурасында кандай пикирди айтаар элеңиз?
-Ушундай экономикалык оор шартта гезит чыгаруунун өзү чоң эмгек. Муну мен жон терим менен сезем. Ал эми жалпы журналистика жөнүндө эмес, журналистикадагы жеке мага тийиштүү маселе жөнүндө айта турган болсом, мен кесиптештериме, сен айткан башкы редакторлорго чоң ыраазычылыгымды билдирем. Калыгул, саясат саясаты менен болсун. Андай жерде убактылуу гана кызыкчылыктар жашайт. Андай шартта пендечилик менен же жеке кызыкчылыктардын тирешинде көп нерселер унутулуп калышы мүмкүн. Бирок, эч убакта, эч качан унутулбай турган көкүрөктө сакталган таза көрүнүштөр болот…
Мындан үч жыл мурун өмүр менен өлүмдүн ортосунда арбашып калганымда мага эң биринчилерден кесиптештерим жапырт колдоого келген. Айрыкча агайым Жолдошбек Токоев, Назгул Мамытова, Турат Акимов, Канышай Мамыркулова, Рыскелди Момбеков, Аскер Сакыбаева, Келдибек Назиров, Дилбар Алимова, Бурул Мусабекова, Асланбек Сартбаев, Бекен Назаралиев, Үмүт Муканбетова, Эрнис Асек уулу, Манас Осмон, Эрнис Балбаков, Нургазы Анаркулов, Абдиламит Жумашев – булардын баары гезиттердин башкы редакторлору болчу. Ошону мене бирге эле Улан Мамбетов, Семетей Талас уулу сыяктуу көптөгөн кесиптештерим, чет өлкөдө жүрүшсө да Жеңишбек Эдигеев, Чолпон Орозобекова, Асыран Айдаралиев, дагы көптөгөн журналисттер, ошондой эле НТСте, 5-каналда, «Кабарлар» менен AKИpress сайттарындагы, «Азаттык», «Санжыра» үналгыларындагы иштеген кесиптештеримдин ошондогу мага өтө чоң колдоо көрсөткөн жакшылыктарын мен эч убакта унутпайм! Эртеби-кечпи менин да аларга жакшылыгым тийээр деген аруу тилегим бар. Кесиптештеримдин ошондогу жакшылыктары ар убакта көкүрөгүмдө жашап келет.
-Кенжебек байке, сиз өзүңүз да учурунда бир топ гезиттерди жетектедиңиз. Айтмакчы, сиз «Карышкыр» деген каймана аты бар Сабыр Муканбетов менен да иштешсеңиз керек…
-Өз мезгилинде көптөгөн залкар ойлорду айткан кайсы бир акылдуу кишинин өтө таасирдүү бир сөзү бар. Жаңылбасам, Дмитрий Гринберг болсо керек. Ошо киши минтип айткан экен: «Сенин жакшылыгыңды унуткандарды эсиңден чыгарып кой» деп. Андыктан, жанатан жакшы маанайда сүйлөшүп жатып маегибизге бул ысымды аралаштырбай эле койбойлубу?
-Эми ошентсе да айтсаңыз?
-Болуптур. Сабыр Муканбетов менен иштешмек турсун анын журналистика айдыңына келүүсүндөгү тушоосун кескем.
-Анан?
-Анан эмне болмок эле, беш сүйлөм жазып келсе ошонун төртөөсүн оңдочумун. Кийин аны раматылык Мелис Эшимканов гезитине кайра-кайра жазып жатып Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу бир топ адамдарды эл-журтка аттын кашкасындай таанытып, алардын саясый аренага келүүсүнө чоң эмгек өтөгөндөй эле сенин шефиң Аслан дагы С.Муканбетовду «Карышкыр сай» эле «Карышкыр сай» деп атат, анын жазгандарын гезитинин башкы беттеринен түшүрбөй «белгилүү саясый баяндамачыга» айландырды го? Азыр ал киши пайгамбар жашына деле келип калса керек. Таарынбастыр, бирок менин жеке пикиримде ал кишини көлөкө сымал элестетем. Күн тийип турганда жаныңдан калбайт, күн булутка кирип же батып кетсе издеп таба албайсың. Анан ашепке кекчилдиги да болсо керек. Анткеним, «илгери мени Турсунбек Акун Акүйдөн куутуп салган» деп ошонун кегин он жылдан ашык кууду го. Мүмкүнчүлүгү болгон жерде Т Акунду жамандап, гезиттерге жаздырып. Акыры тажаганда Турсунбек Акун аны сотко берип, сот Муканбетовду «условно» кесип, анан тынчышты окшойт. Баса, Аслан жакында берген бир маегинде журналисттердин тилектештиги туурасындагы кайсы бир жолугушууда «Карышкыр» «Бегалы Наргозуевди арабыздан кууп жиберип анан биригели» деген демилгесин айтты» деген маалыматты айтыптыр. Эгер Сабыр Муканбетов ошентип айтканы чын болсо, анда ал катуу жаңылыптыр. Мен Бегалы Наргозуев менен аласам да, бересем да жок. «Маалымат согушунда» эки башка жээкте туруп калган учурларда да мен ал кишинин дарегине же ал киши менин дарегиме эч убакта ашепке сөздөрдү айтышкан эмеспиз. Бирок, ошентсе да калыстык үчүн бир сөздү айтып коюшубуз керек. Сабыр Муканбетов ким да, Бегалы Наргозуев ким? Дегеним, Сабыр Муканбетов кыргыз журналистикасынын падышасынан бетер «Наргозуевди журналистикадан кууп жибериш керек» дегенине мен минтип айтаар элем: «журналистикадан Бегалы Наргозуевди эмес, Сабыр Муканбетовдун өзүн кууп чыгыш керек» деп. Албетте, бирөөнүн калемин бирөө тартып ала албайт дечи, бирок, «кууп чыгыш керек» деген укукту С.Муканбетовго ким бериптир десең?! Кыргызда айтат, «жаманатты болуу суурулган кылычтан да коркунучтуу» деп. Анын сыңарындай, Сабыр Муканбетов ойноп сүйлөсө да ойлоп сүйлөсө болмок. Мынчалык эл-журтка, айрыкча төртүнчү бийлик өкүлдөрүнө жаманатты болбой…
-Ушул маектин жүрүшүндө менде бир суроо пайда болуп кетти. Бири-бирине карама-каршы турган «мекенчилдик» менен «чыккынчылык» деген сөздөрдү сиз кандайча түшүнөсүз?
-Жөпжөнөкөй эле түшүнөм. Ар бир адам мекенчил болуш керек. Бул түшүнүкгү өзүнүн кара жанынын жыргалын жана отурган креслосун ойлогон айрым чиновниктер мекенчилдик дегенди «улутчулдук» деген терминге чапташтыра калып жүрүшөт. Экөө эки башка түшүнүк. Элдин абийирин, ар-намысын козгоп, коомчулукту улуу ишенимге үндөп, акыйкаттын жарчыларынан болуунун эмнеси күнөө? Деги эле кайсы өлкө болбосун көпчүлүктү түзгөн титулдук улут негизинен мекенчил болбосо, ал өлкө эч качан өнүкпөйт, өспөйт. Андайлар башкалардын «кулу» болот. Кул болсо өзүн, өзүнүн курсагын гана ойлойт. Аны ар ким басынтат. Тың, намыстуу эл эч качан андайга барбайт! Тарыхта бир дагы мамлекет эч убакта патриот же мекенчилдер тарабынан жок болгон эмес. Тескерисинче чыккынчылар тарабынан жок болгон. Ал эми чыккынчылык деген түшүнүккө кайрылсак, америкалык белгилүү драматург жана прозаик Артур Миллердин таамай берген аныктамасы бар: «Чыккынчылык качан болсо тырмактагы мык сыңары сыздатып турат» деген. Ондукка тийгендей мындан өткөн башка аныктаманы азырынча кезиктире элекмин.
-Убактыңызды бөлүп, маектешкениңизге рахмат!
-Сага дагы, Калыгул! Ылайым аман бололу. Кыргыз журналистикасы дагы, Кыргызстаныбыз дагы өнүгүп, өссүн. Элибиз аман болсун. Оорубасын! Эл ичинде сен, биз – баарыбыз аманчылыкта бололу. «Жаманчылыкты аманчылык жеңет» деп коёт эмеспи.
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ