Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы аткарган ишинин отчёту каралды.
Жыйында депутат Улукбек Ормонов: “Эсептөө палатасынын аудиторлору канча айлык акы алат?” – деп кызыкты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: “Эсептөө палатасында башка министрликтер менен салыштырмалуу айлык жаман эмес. Аудиторлордун айлык акысы 18 миң 900 сом. Бул суммага кызматкердин тажрыйбасына карата кошумча төлөмдөр да бар” – деп билдирди. Ормонов болсо: “Сиз бул айлыкты жакшы деп ойлойсузбу? Эгер 200-300 миң сом айлык акы алсаңар жакшы деп айтмакмын” – деп элдин эсин эңгиретти.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ