Menu

Видео – Алтын Түлөбаева: “Кыргыздар, Жумгалдыктар, коронавирус бул Кудайдын иши, митинг, пикет чыгарабыз деп чагымчылдыкка барбайлы, Кудайдын ишине да каршы чыгабызбы?

Бөлүшүү:

“Урматтуу кыргыз элим, урматтуу Жумгалдыктар! Эки айдын жүзү болду, бүт ааламды коронавирус оорусу каптады. Бул Алланын сыноосу. Бул Кудай жиберген ооруга эч ким каршы чыга албайбыз”, – деп билдирди Алтын Түлөбаева апа элге кайрылып.

“Ошодуктан мыйзамга баш ийип, врачтардын айтканына баш ийип, өзүбүздүн ден-соолугубузду, бала-бакырабыздын ден-соолугу үчүн үйдө олтуруп турсак, аз калды го, Кудай буйруса бул оорудан 10-15 күндө чыгып кетебиз. Өзүбүздү сактайлычы, түрдүү чагымчылдыкка барбай, элдин арасында ушак-айың кептер жүрүп жатат: митинг, пикет чыгарабыз деп. Ээ айланайын аксакалдар, энелер, атуулдар, Кудайдын ишине да каршы чыга алабызбы? Биз ошону ар бир ата-эне, бирибиз-бирибизди тыйып, түрдүү чагымчылдыкка барбай, көп адам чогулган жерге барбай, пикет деген сөздү оозубузга албай, ушундан аман-эсен чыгып кетсек, биз чоң утушка барабыз. Кудай Таала деле тынчтыкты жакшы көрөт го! Элиң тынч болсо, пейилиң да тынч болот. Мына, Алла-Тааланын берип жаткан сыноосунда олтурабыз үйүбүздө. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн. Ушуга да Кудайга шүгүр дейличи. Мына, башка чет өлкөлөрдү карасак, кандай кыргын болду, ушул ооруга баш ийбей басып кеткен, мисалы Италияда? Ошон үчүн баш ийели, Кудайдын жиберген оорусуна сабыр кылалы. “Сабырдын түбү сары алтын” деген сөз бар, ошону биз туу тутуп, кармайлы. Урматтуу эл-журт, аксакалдар, түрдүү чагымчылдыкка барбайлы! Мен ушуну кайра кайталап айткым келди. Пикеттерди уюштурбай бири-бирибизди тыялы. Гүлдөп бараткан Кыргызстаныбызды дагы гүлдөтөлү”, – деди Алтын Түлөбаева.

Источник: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: