Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Бизди эл аралык уюмдар жаңы технологиялар менен колдогонго даяр”

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, Исхак Масалиев экөөңүздөр бир мыйзам долбоорун даярдап жаткан экенсиздер. Ал долбоор эмне жөнүндө?

– Ал «пропорционалдык шайлоо системасы» деп аталат. Анын маңызы эмнеде? Азыр депутаттыкка талапкерлерди биринчи кезекте партия лидери тандайт. Биз «эл тандасын» деп сунуштайбыз. Партиялык система кала берет, шайлоочулар адегенде партияга добуш берип, андан кийин партиянын ичиңдеги конкреттүү кишилерге добуш берет. Кечки саат сегизде парламентке кайсы партиялар өткөнү гана эмес, партиянын ичинен да кайсы талапкерлер алдыга озуп чыкканы белгилүү болот. Ошондо 500 миң долларын партиянын лидерине берип коюп, үйүндө «чыйт» түкүрүп коюп жаткан талапкерлер болбойт. Алардын баарын айла жок эл менен иштегенге мажбурлайбыз. Байлар да, бизнесмендер да карапайым эл менен иштегенге аргасыз болот. Партиянын лидерине көз карандылык жоголот. Азыр партиянын лидерине кайсы бир талапкер жакпай калса, аны 51-орунга коюп коёт да, ал талапкер депутат боло албай калат. Ал эми биз сунуштаган мыйзамда талапкер тизме боюнча 112-орунда турса дагы рейтинг боюнча алдыга чыгып, депутат болот. Бул партия лидерлеринин өзүнө деле жакшы. «Мен депутат болушум керек эле» деп мээсин жегендерден кутулат. Жердешчилик оорусунан арылганга да шарт түзүлөт. Азыр талапкер «бир райондон үч миң добуш алсам болду» деп жатпайбы. Биз сунуштаган мыйзам боюнча өзү кайсы жерден болгонуна карабастан, баардык региондорго барып иштегенге аргасыз болот.

– Идеяңар аябай жакшы экен. Бирок, аны ишке ашыруу жагы кандай болот? Мен мисалы, бюллетендерге талапкерлердин баарынын тизмеси киргизилгенин элестете албай жатам.

– Мен аны чечүүнүн эки жолун көрүп турам. Биринчиси, тизмеге “Жанар Акаев”, же “Алтынбек Сулайманов” дебей, номерин гана жазып койсо болот. Менин тизмеде канчанчы номер менен турганымды шайлоочуларым билет да. Экинчиден, жаңы технология азыр Кыргызстанга да келди. Кнопканы басса талапкер тууралуу маалыматтар сүрөтү менен чыгып калат. Анан тандап туруп, өзү каалаган кишиге добуш берет. Көп мамлекеттерде ушуңдай. Эгер биз ушундай системага барабыз десек, эл аралык уюмдар жаңы технологиялар менен колдогонго даяр деп ойлойм. Андыктан, бул чечсе боло турган маселе. Албетте, кары-картаңдар үчүн бир аз ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Бирок, маселени чечкенге мүмкүнчүлүк бар.

– Бул долбооруңар кайсы стадиясында? Кийинки шайлоого чейин кабыл алдырганга үлгүрөсүңөрбү?

– Март айында парламентке биринчи окууга алып чыгабыз. Бул эми саясый жетекчиликтен дагы көз каранды. Алар макул болсо, анда депутаттар дагы колдошот болуш керек. Азыр көпчүлүгү биздин идеябызды колдоп жатышат. Каршы чыккандар да аябай көп болот. Анткени, бирөөнүн тилин таап, бир аз акча берип, тизмеге кирип алган оңой да. Ошон үчүн бул жерде эл менен тыгыз иштеген депутаттар коркпойт. Ал эми «акчаны берип коюп, үйдө жата берем» дегендер каршы болот болуш керек.

– Азыр эл арасында «партиялык тизме анчалык жакшы болбой чыкты. Бир мандаттуу шайлоо системасы да керек экен» деген пикирлер бар. Эгер мыйзамыңар өтүп калса, бир мандаттуу шайлоо системасынын деле кереги жок болуп калат турбайбы?

– Ооба, кереги жок болуп калат. Анткени, шайлоочулар конкреттүү адамдарды тандашат.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: