“Өкмөттө мыйзамдарды демилгөлөөдө бирдиктүү саясат жок. Бир министрлик демилгелеген мыйзамга экинчиси каршылык көрсөтөт. Азыр коронавируска байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгү 32 миллиардга азайды, ошондой эле бүгүн бюджетибиз 27 миллиард сомго дефицит менен келе жатат. Алган гранттардын болгону $50 миллиону гана грант түрүндө, бул деген болгону 3,5 млрд сом. Анан биз бул мыйзамды кабыл алып койсок, эртең балдарыбызды алдап коюу болбойбу?” – деп билдирди бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып .
“Турмуштук кыйын кырдаалда калган балдарды аныктоо системасы акырына чейин натыйжалуу иштебей жатат”, – деп билдирди депутат Наталья Никитенко.
Анын айтымында, 2015-жылы кабыл алынган Балдар жөнүндөгү кодекске түзөтүү киргизүү керек, анткени балдарды коргоо боюнча ишти күчөтүү зарыл.
“Биз көп балдар ар түрдүү турмуштук кырдаалдарга туш болоорун көрүп жатабыз. Анын ичинде ата-энеси акча тапканы кетип, кароосуз калган балдарга карата өкүм-зордук күч алууда. Ушуга байланыштуу балдардын укугун коргоо механизмдерин күчөтүү керек”,- деген депутат Наталья Никитенко жер-жерлерде, айыл өкмөттөрүндө балдардын укугун коргоо боюнча иштер начар абалда экендигин кошумчалады. Эл өкүлү жалаң балдарды коргоо багытында иштей турган өзүнчө социалдык кызматты түзүүнү сунуштады.
“Бул кызмат Социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук органдарын гана ичине камтыбастан, региондордо өзүнүн натыйжалуулугун да көрсөтмөк”,-деди ал. Ошондой эле ата-энеси чет элге кеткен балдарды убактылуу камкордукка алыш үчүн ишеним берүүнүн механизмин иштеп чыгуунун сунуштады. Ишеним көрсөтүүнүн мөөнөтү – 6 ай.
Депутаттын айтымында, интернат үйлөрдү каржылаганга караганда, баланы камкордукка алган үй-бүлөлөрдү каржылаган пайдалуу. Муну менен катар Наталья Никитенко бул сунуш Балдар жөнүндөгү кодекске жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлүрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорунда баяндалганын белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ